Комбанктардын кредит портфелинин долларизациясы тарыхый минимумга жетти

13.12.2021, 09:04 Акчабар
Комбанктардын кредит портфелинин долларизациясы тарыхый минимумга жетти

Кыргызстанда 2021-жылдын үчүнчү кварталында коммерциялык банктардын кредит портфелинин туруктуу өсүшү уланды. Июль-сентябрь айларында портфелдин өсүшү улуттук валютада берилген кредиттердин көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болгон. Бул тууралуу Улуттук банктын аналитиктери жазды.

Кредиттердин олуттуу өсүшү керектөө кредиттери, соода жана ипотека секторлорунда байкалган. Аны менен бирге эле өнөр жай жана айыл чарбасы сыяктуу өндүрүш тармактарында улуттук валютадагы кредит портфелинин өсүшү басаңдаган.

“Чет элдик валютадагы кредит портфели 2020-жылдын мартында АКШ долларынын кескин көтөрүлүшүнөн кийин башталган төмөндөөнү улантты. Улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттердин көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу керектөө кредиттерине жана соодага кредиттердин эсебинен өскөн. Чет элдик валютада жаңы берилген кредиттердин көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу азайган. Мунун аркасында кредиттик портфелди долларлаштыруу тарыхый минимумдарды жаңылоону улантып, сентябрда 29,3 пайызга жетип, Былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3,6 пайыздык пунктка кыскарган”, - деп айтылат акча-кредит саясатынын отчеттук билдирүүсүндө.

Тэги: долларизация комбанки кредиты деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу