Доллар 82.8 сом менен сатылууда

02.11.2020, 14:00 Акчабар
Доллар 82.8 сом менен сатылууда

Коммерциялык банктарда доллардын курсу дароо көтөрүлүп кетти. Азыркы учурда америка валютасы 81.9-82.5 сом менен сатылууда.

 

«Альянс» акча алмаштыруучу жайлардын Бирикмесинин өкүлү Туман Болотбеков билдиргендей, доллардын курсунун өсүшү бир топ тышкы факторлорго, мисалы, рублдун наркынын жана мунайга болгон баанын төмөндөшү менен байланыштуу.  

 «Россияда доллардын азыркы учурдагы курсу 80 рублду түзүүдө. Brent мунайынын баасы дагы 4 $ төмөндөдү. Андан сырткары, АКШ президентинин шайлоосу болот. Бул тышкы фактордун бардыгы тең валюта рыногуна өз таасирин тийгизбей койбойт. Себеби, биздин  көпчүлүк эмгек мигранттар Россияда», — деп билдирди эксперт.

Эске сала кетсек, 29-октябрда Улуттук банк доллардын курсун төмөндөтүү максатында 42.4 млн доллар сатып, ири интервенция өткөргөн. Бирок, буга карабастан доллардын курсу төмөндөгөн эмес. 

«Менин түшүнгөнүмө караганда, Улуттук банк долларды эркин жүгүртүүгө коё берди. Демек, жакын арада эч кандай интервенциялар болушу мүмкүн эмес. Себеби, бул улуттук валютага чоң сокку алып келет. Бизде алтындын резервдери анчалык көп эмес», — деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде евронун курсу дагы жогорулады — азыркы учурда коммерциялык банктарда евро 96.3 -  97.1 сом менен сатылууда.

 

 

 

Тэги: доллар курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу