Соодада доллар 2022-жылдын апрелинен бери максималдуу чекке жетти

25.05.2023, 09:51 Акчабар
Соодада доллар 2022-жылдын апрелинен бери максималдуу чекке жетти

Коммерциялык банктар 24-майдагы валюта соодасында 62,7 миллион доллар сатып алышты.

Алардын ичинен банктар 2,5 млн долларды бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 60,2 млн долларды бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан. Бул сумманын 99,2%ы бир күн мурун валюта рыногуна быйыл тогузунчу интервенция менен чыккан Кыргызстандын Улуттук банкынын каражаты.

Валюта рыногуна интервенция жасоого АКШ валютасынын сомго карата курсунун өсүшү себеп болгон. Базарга 60 миллион доллардан ашык сатуунун жыйынтыгында өлкөнүн башкы каржы мекемеси доллардын баасынын ачылышында 87,52 сом болсо, сооданын жабылышына чейин 87,59 сомго жакын өсүшүн токтото алды.

Соодада доллардын баасы 87,59 сомго ушул жылдын 6-апрелинен бери биринчи жолу көтөрүлүп жатканын кошумчалайбыз.

 

Тэги: новости Кыргызстана Межбанковские торги доллар США валюта деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу