Доллардын көтөрүлүшү ички рыноктогу валютага болгон талаптын жогорулаганына байланыштуу

20.03.2020, 11:00 Акчабар
Доллардын көтөрүлүшү ички рыноктогу валютага болгон талаптын жогорулаганына байланыштуу

Акыркы эки жума окуяларга бай болду. Биринчиси - кара алтынга болгон баанын төмөндөп кетиши, экинчиси - коронавирус илдетинин жайылышы. Бул тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып УБ жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Анын айтымында, бул экономикага дагы залакасын тийгизүүдө. 

«Бул окуялар дагы Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Республикада чек аралар жабылгандыктан соода-экономикалык абалдын жайлашы болуп жатат», — деп айтты Абдыгулов. 

Бейшемби күнү, 19-мартта АКШ долларынын наркы 84.9 сомго сатылган. 

«Болуп жаткан абал, ички рыноктогу долларга болгон талаптын күчөгөнүнөн улам жаралды», —деп кошумчалады Абдыгулов. 

 

 

 

Тэги: доллар ички рынок валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу