Доллардын куну түшүүдө

19.03.2019, 14:00 Акчабар
Доллардын куну түшүүдө

Эки аптадан бери АКШ доллары дүйнөлүк валюта рыногунда куну түшүп жатат.   Эксперттердин бир бөлүгү  бул жагдайга инвесторлордун рыноктон чыгып жатканына байланыштуу деп айтып чыгышты. Анткени, ага американын Борбордук банкынын катаал тартиби себеп болууда. 

Өнүгүп жаткан мамлекеттердин рыногунда АКШ долларына караганда орус рубли бекемделип– 2.3%, ал бир долларга  66.34 дан  64.8 рублга  көтөрүлүп, 2018-жылдын ноябрына карата максималдуу жогорулап, федералдык (РФ Финансы министрлиги) чыгарган облигациялар өтүмдүү болду.

«Америка валютасынын курсунун түшүшү  АКШ ФРС акча-кредиттик саясатынын өзгөрүүшү менен байкалууда. Быйыл пайыздык чен жогорулайт. Аналитиктердин айтымында федералдык  резерв системасынын бул кадамы американын экономикасына терс таасир ээтиши мүмкүн» – деп жазат  RT.

Кошумчалай кетсек,  орус рубли менен катар   өткөн аптада долларга карата  мексиканын песо – 1.4%, бразиля реалы – 1.3%, индонезия рупийи – 0.4%, түшүкафрикалык ранд – 0.3% жана казак теңгеси –  0.2%  өз позицияларын күчтөгөн.

Кыргызстанда дагы америка долларынын курсу төмөн түшүүдөбү? Акыркы эки аптадагы  6  марттан 19 мартка чейинки аралыктаУлуттук банк белгилеген АКШ долларынын  позициясы түшүп же көтөрүлгөн дагы эмес.  Америка валютасы кыргыз сомуна карата  0.07 сом жогорулаган.

айта кетчүү жагдай, долларга болгон баа 6 - 14 -мартка чейин жогорулап, андан кийин 69.8315 дан  69.8048 сомго бир доллар бааланды. Эгерде былтыр ушул жылдагы доллардын наркын сомго салыштырсак, анда  (68.2745 сом бир долларга барабар болгон19.03.18), анда доллар сомго карата 2.3% бекемделген.

Тэги: доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу