Доллар суроо-талаптын жоктугунан төмөндөөдө - Улуттук банк

25.05.2021, 09:00 Акчабар
Доллар суроо-талаптын жоктугунан төмөндөөдө - Улуттук банк

Доллардын төмөндөшүнүн себептеринин бири - валютага талаптын аздыгы. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен болгон түз эфирде билдирди.

Мындан тышкары, эксперт долларга байланыштуу кырдаалга сезондук фактор дагы таасир этерин белгиледи.

"Жайга жакын бизге туристтер көп келгенде, биз чет элдик валютаны көбүрөөк алабыз. Азыр, мисалы, салык төлөөнүн мезгили бар, ал эми каражатын доллар менен сактагандар салык төлөө үчүн жигердүү түрдө аларды сомго алмаштырып жатышат”, - деди Улуттук банктын өкүлү.

Аида Карабаева "Центера Голддогу" кырдаал да доллардын курсуна кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн деп билдирди. 

Тэги: курс доллара США Нацбанк КР эксперт сезонность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу