Коммерциялык банктар 12-июлда банктар аралык валюта соодасында 43 миллион 855 миң доллар сатып алышты. Маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.
Банктар валютанын негизги бөлүгүн операцияларды жүргүзүү күнүнөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Соодалар доллардын наркы 0,14%га жогорулап 87,8699 сомго чейин болгондо ачылса, жабылуу учурунда 0,0001 сомго бир аз жогорулап 87,87 сомго чейин жетти.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда Улуттук банк онунчу жолу интервенция менен валюта рыногуна чыккан. Бул жолу көзөмөл органы 43 миллион 555 миң доллар сатты.