Өлкөдө банктар аралык соодада доллар кымбаттады

16.02.2023, 08:52 Акчабар
Өлкөдө банктар аралык соодада доллар кымбаттады

Кечээ, 15-февралдагы банктар аралык соодада коммерциялык банктар 36 миллион 360 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Алардын ичинен 760 000 доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 35,6 млн доллары бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен сатылып алынган.

Белгилей кетсек, соодада банктар сатып алган сумманын 98%ын Улуттук банктын чет элдик валютаны сатуусу түзөт. Кечээ, 15-февралда Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна чыгып, 35,6 миллион доллар саткан.

Кошумчалай кетсек, аукциондо доллардын баасы 0,52%га жогорулап, 87,42 сомду түздү.

 

Тэги: новости Кыргызстана доллар США комбанки валютные торги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу