АКШ доллары рублга карата дагы 7%га бекемделди

30.05.2022, 08:57 Акчабар
АКШ доллары рублга карата дагы 7%га бекемделди

Россия банкы 28-30-майга карата валюталардын орус рублине карата курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

28-майга карата доллардын расмий курсу 27-майга карата 7,016%га жогорулап, 66,4029 рубль деп белгиленди. Евро да рубльга карата 7,75%га кымбаттап, 69,4353 рублди түздү.

Кошумчаласак, 27-майда америкалык жана европалык валюталардын курсу кескин күчөгөн. Муну менен өткөн жуманын башынан бери доллардын рублга карата курсу 14,07%га бекемделди. Ошол эле учурда жыл башынан бери өсүштү эске алуу менен америкалык валюта рублга карата 11,62% арзандады.

Тэги: официальный курс валют банк россии рубль доллар США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу