Кечээ, 23-январда коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 4 миллион 550 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.
Анын ичинен 1,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, 3 миллион 50 миң доллары - бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнгө сатылып алынган.
Соодалар доллардын наркы 86,15 сом менен ачылды, бирок сооданын жабылышына карата америкалык валюта 0,06%га арзандап, 86,1 сомду түздү.