Эмне үчүн доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп жатат?

30.06.2020, 11:30 Акчабар
Эмне үчүн доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп жатат?

30-июнь күнү доллар жана евронун сомго карата курсу мурунку күнгө салыштырмалуу жогорулаган. Бир күн мурун коммерциялык банктарда доллар 76.6-76.8, евро - 86-86.8 сомго бааланып жатса, бүгүнкү күндө 77-77.2 сом, евро - 86.7-87.4 сом менен сатылып жатат. 

 

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, азыркы учурда доллардын курсу 75.98 сом менен сатылууда. Белгилей кетсек, кечээ, 29-июнда доллар 75.4 сом менен сатылып жаткан. 

Муну менен катар доллардын рублга карата курсу эч өзгөрүүсүз бойдон калды. (доллар 69.9 рубль, евро - 78.7 рубль), ал эми мунайдын баасы туруктуу сакталып турат: Brent — 41.6 $,  WTI — 39.4 $. 

 Экономист Нүргүл Акимова «Акчабарга», доллардын сомго карата өсүшүн төмөндөгүчө түшүндүрдү. 

«Доллардын сомго карата курсу бат-баттан өзгөрүлүп, өсүп жатат. Бул товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшүнөн эмес, чек ара ачылгандан тарта Кыргызстанга келген тышкы жардамдардан улам өсүп жатат», — деп билдирди ал. 

Эксперттин айтымында, доллардын өсүшү товарлардын чет жерден келүүсү жана долларга болгон суроо-талаптын өсүшү менен дагы шарттуу болгон. 

«Акча соодада басымдуу жүгүртүлгөндүктөн, сом жана долларга болгон талаптын саны чек ара ачылгандан бери жогорулады. Базар баасы 76 сомду түздү. Бирок, мезгилдик  мүнөз да бар. Адатта жай мезгилинде курс төмөндөйт жана күзгө жакын, тескерисинче, өсөт. Бирок, азыр мурункудай эмес. Себеби, карантиндик чектөөлөр болду жана бул цикл жылып кетти», — деп айтты ал.  

 

Тэги: доллар курс сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу