Доллардын курсу сентябрда 82 сомго чейин жогорулашы мүмкүн

14.08.2020, 11:45 Акчабар
Доллардын курсу сентябрда 82 сомго чейин жогорулашы мүмкүн

Улуттук банктын маалыматына ылайык,  үстүбүздөгү жылдын  3-августунан тарта америка валютасынын сомго карата наркы стабилдүү. Бул убакыт аралыгында доллардын курсу 1.43% өскөн. Мунун алгачкы себеби, Кыргызстандын карантинден акырындык менен чыгып жаткандыгы деп билдирди «Акчабарга»эксперт Денис Бердаков.

 

 

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгү өсүп, соода жүгүртүү калыбына акырындык менен келип жаткандыгына байланыштуу доллар керектелүүдө.

«Экинчи себеби, рублдун долларга карата наркы төмөндөп жатат. Ал эми улуттук валюта менен рубль менен жогорку деңгээлде байланышы бар», -деп кошумчалады эксперт. 

Эске сала кетсек, Улуттук банк интервенцияны акыркы ирет ушул жылдын 1-июлунда  10.4 млн долларга жүргүзгөн. Бул учурда доллар 78.7 сом менен сатылып алынып, сатуунун көлөмү 79 сомго чейин чыккан.

«Учурда Улуттук банк жеке валюта резервинен олуттуу ресурстарды чыгарып жатат. Акыркы алты айда өлкө бир нече жүз миллион АКШ долларын алган жана аларды Улуттук банкта алмаштырган. Улуттук банктагы чыныгы доллардык массаны эске албаганда, виртуалдуу дагы каражат бар. Ал каражаттар сомду колдоо үчүн жумшалат», - деп баса белгиледи Бердаков.

Денис Бердаковдун айтымында, жакын арада доллардын наркында чоң өзгөрүүлөр болбойт. Бирок, сентябрь айына жакын доллардын саны жогорулашы мүмкүн деген божомол бар.

«Доллардын курсу 82 сомдон ашышы мүмкүн. Орусия  рублунун кескин девальвациясы менен, сомдун позициясы өзгөрөт, бирок шарттуу төлөмдүн  балансын сактоо үчүн», - деп жыйынтыктады талдоочу.

Тэги: Улуттук банк валюта сом нарк Денис Бердаков эксперт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу