Доллардын сомго карата наркы кайрадан өсүп жатат

09.09.2020, 12:50 Акчабар
Доллардын сомго карата наркы кайрадан өсүп жатат

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, 8-9-сентябрга карата доллардын сомго карата курсу 0.15% жогорулап, 78.7273 сомду түздү. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасынын курсу 79 сомдон жогорулап кетти. 

Коммерциялык банктар жана Бишкектеги Байтик Баатыр-Москва көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомдон сатылып алынып, 79.4 сом менен сатылууда. 

«Доллардын курсунун жогорулашынын себеби, Brent маркасындагы мунайдын баасы 41.4 доллардан 39.73 долларга чейин түшүп жатканыдыга байланыштуу. Андан сырткары, америка валютасынын рублга карата курсу 75.96 чейин өстү. Коңшу өлкөлөрдө болуп жаткан валюталык өзгөрүүлөр бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары, ички инфляция дагы валютагы терс таасирин берет»,— деп билдирди «Акчабарга» Кыргызстандын акча алмаштыруучу бюролор Бирикмесинин өкүлү Думан Рыскулов. 

 

 

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда республиканын Улуттук банкы 10.4 млн долларга интервенция жасаган Бул учурда доллардын наркы 78.5 сомго жеткен. 

Эске сала кетсек, уга чейин биздин портал эксперт Денис Бердаковдун билдирүүсүнө таянуу менен, доллардын наркы 82 сомго чейин жетиши мүмкүн деген маалыматты чыгарган. 

Тэги: Улуттук банк күйүүчү май доллар курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу