Абдыгулов: Долларга болгон талап, психологиялык жактан дагы өсөрүн интервенция көрсөттү

20.03.2020, 12:15 Акчабар
Абдыгулов: Долларга болгон талап, психологиялык жактан дагы өсөрүн интервенция көрсөттү

19-март күнү эртең менен АКШ долларына болгон талап 50 млн $ чыккан, түштөн кийин андан дагы жогору болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында УБ жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

« Жыйынтыгында, долларга болгон талаптын көлөмү 3.7 млн $ жеткенин интервенция көрсөттү. Бул валюта рыногундагы реалдуу талап болду», — деп билдирди Абдыгулов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды сатып албаганы менен байланыштуу. 

    «Улуттук банк интервенция менен чыгып, сомго болгон талапты жабууга даяр», — деп белгиледи УБ жетекчиси. 

 

Эске сала кетсек, 19-мартта курстун наркы 85 сомго көтөрүлгөн. Бирок, бүгүн 20-мартта тренд төмөндөй баштады. Бирок курска болгон баа түштөн кийин, мунайга болгон баа аныкталып, орусия рублунун курсу билинген соң гана маалым болот. 

Тэги: доллар 85 сом Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу