Кыргыз фондулук биржасынан билдиришкендей, "Бакай Банк" ААК директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн компаниялардын уставдык капиталына катышуу өлчөмүн өзгөрттү.
Алсак, банктын уставдык капиталындагы директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимовдун үлүшү бир топ кыскарган. Өзгөртүүлөргө чейин көлөм 73,4731% болсо, андан кийин 49,9376%га кыскарган.
Банктын директорлор кеңешинин жетекчисинин орун басары Бакита Мундузбаеванын үлүшү 0,7650%дан 0,7628%га чейин бир аз төмөндөгөн.
Өз кезегинде директорлор кеңешинин мүчөсү Кира Ибрагимова банктын уставдык капиталындагы үлүшүн 3,1541%дан 6,2627%га чейин көбөйттү.
Ошондой эле, Алымбек Батырбек уулу банктын уставдык капиталындагы үлүшүн 7,3218% чейин көбөйтсө, мурда ал болгону 2,6687% болчу.