Жакында Кыргызстандагы дагы бир банк толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө болушу мүмкүн. Евразия Сактык Банкынын баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында, мамлекет ФУГИ тарабынан банктын уставдык капиталындагы өз үлүшүн көбөйткөн.
[жаңылыктар 33913]
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде, буга чейин Назира Ашырахмановага таандык болгон банктын 1 миллион 498 миң акциясына (уставдык капиталда 9,9867%) мүлк фонду мүлк укугун каттоо жүргүзүлдү.
Ошентип, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун уставдык капиталындагы үлүшү менчик укугу каттоодон өткөндөн кийин 76,56% түзөт (мурун 66,5733% деп бааланган).