БАЭ менен болгон холдингдеги Кыргызстандын үлүшү 25%ды түзөт

01.11.2022, 17:01 Акчабар
БАЭ менен болгон холдингдеги Кыргызстандын үлүшү 25%ды түзөт

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен БАЭ ортосунда 100 миллион долларлык уставдык капиталы менен түзүлгөн биргелешкен холдинг тууралуу айтып берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке мамлекет башчысы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында кол койду.

Министрдин айтымында, фонддун келечеги кең жана дүйнөлүк тажрыйбага ээ. Ошондой эле, фонд көптөгөн өлкөлөрдө иштөөдө жана 1971-жылдан бери өзүнүн тарыхы бар.

“Бул абдан келечектүү багыт жана инвестициялык багыттагы чоң кадам деп эсептейм. Холдингдин уставдык капиталы 25%-75% үлүшү менен 100 млн долларды түзөт. Анын 25% Кыргызстандын үлүшү, 75%ы Бириккен Араб Эмираттарынын үлүшү. Каржылоонун көлөмү перспективдүү долбоорлорго жараша 1 млрд долларга жетиши мүмкүн”, - деди ал.

Амангелдиевдин айтымында, каржылоонун келечектүү багыттары, энергетика, айыл чарба жана БАЭге экологиялык таза продукцияларды жеткирүү болот. Негизги багыт экспортко багытталган өнүмдөр болуп саналат. Кыргызстанда жеңил өнөр жай өнүмдөрү артыкчылыктуу,- деп белгилейт министр. 

Тэги: Данияр Амангельдиев Минэкономики КР ОАЭ Садыр Жапаров холдинговая компания новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу