Бүгүнкү күндө көмүскө экономиканын үлүшү 40%ды түзөт. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев “КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жана Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоого арналган парламенттик угууда билдирди.
Анын айтымында, бул салык төлөөчүлөрдүн 0,6% түзөт.
"Көмүскө экономиканын жогорку деңгээли мамлекет үчүн чоң көйгөй. Сунушталып жаткан Салык кодексинин долбоору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтырууга, салык жол-жоболорун андан ары санариптештирүүгө, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган”,-деди Экономика жана финансы министринин орун басары.