Донорлор Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлөт

25.10.2019, 16:23 Акчабар
Донорлор Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлөт

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификация үчүн парламентке жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазат. 

Бул каражатка Казакстан менен байланыштырган Түп — «Каркыра» көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана «Каркыра» туристтик лагерине алып барчу жолду ремонттоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат.

Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөө, инспекторлорду даярдоого, Жарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда.

Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

 

 

Тэги: туризм донор 55 млн доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу