Донорлор Кыргызстанды суу менен камсыз кылуу үчүн 13,06 млн доллар суммасында насыя жана гранттарды беришти

29.04.2021, 18:00 Акчабар
Донорлор Кыргызстанды суу менен камсыз кылуу үчүн 13,06 млн доллар суммасында насыя жана гранттарды беришти

Донорлор Кыргызстанга аймактардагы суу менен камсыздоо тутумун модернизациялоо үчүн гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды беришти. Бул тууралуу Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Республикага бөлүнгөн жалпы сумма 13 миллион 51,7 миң долларды түзөт. Алардын ичинен ЕРӨБ Кыргызстанды суу менен камсыздоо тутуму үчүн 15 жылга 2,75 миллион доллар өлчөмүндө насыя берген.

Бул каражаттардын эсебинен Өзгөн шаарынын бир топ жерин суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын  калыбына келтирүү пландаштырылууда. Жалпысынан, 48 миң жергиликтүү тургун таза суу менен камсыз болушат.

"Бүгүн салтанаттуу иш-чара болуп, анда муниципалдык ишкана суу түтүктөрүн тейлөө үчүн 400 000 евродон ашык суммадагы атайын техникаларды жана жабдууларды алды", - деп билдирди банктын өкулдөрү.

Иш-чарага Өзгөн шаарынын мэри Мухтар Халматов, шаардык суу канал ишканасынын директору Азамат Дүйшеев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Эдуард Ауэр катышты.

Белгилей кетсек, 2014-2020-жылдар аралыгында Евробиримдик Кыргызстанга 174 миллион евро өлчөмүндө колдоо көрсөткөн.

Европа инвестициялык банкы туруктуу социалдык жана экономикалык өнүгүүнү колдоо максатында 112 миллион евро инвестициялады.

ЕРӨБ өлкөдөгү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу боюнча 24 долбоорго 187 миллион евродон ашык каражат жумшады, анын ичинде 72 миллион евро банк насыялары жана 115 миллион евро гранттарга, негизинен Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтү тарабынан берилди.


Бүгүнкү күнгө чейин ЕРӨБ 191 долбоорго кыргыз экономикасына 795 миллион евро инвестициялады, бул инвестициялардын көпчүлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган.

 

Тэги: деньги доноры водоснабжение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу