Каракол шаарынан лыжа базасына чейинки жол асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ошондой эле, тротуарларды жана веложолду куруу пландалууда. Учурда бул долбоордун долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштери башталды.
Белгилеп кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында болуп, кийин министрликтин балансына өткөрүлүп берилген шагыл жол 2023-жылы тегизделип, кеңейтилген.