"Дос-Кредобанк" ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Күн тартибинде 11 маселе каралды. Алардын негизгилеринин бири банктын таза кирешесин бөлүштүрүү болду.
Ошентип, акционерлер 2022-жылдын аягында таза пайданын 27,16% бөлүштүрүүнү чечишти.
"1 баалуу кагазга дивиденддин өлчөмү 275,9 сомду түзөт", - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.
Мындан тышкары, алар 2023-жылга бизнес-планын бекитип, "Дос-Кредобанк" ААКтын тышкы аудитору катары "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧКсын тандашкан.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане