20-сентябрдан тартып SWIFT төлөмдөрүн евродо которуу германиялык “Landesbank Baden-Wuerttemberg” аркылуу Европа экономикалык аймагынын өлкөлөрүнө, Швейцарияга жана Улуу Британияга гана жөнөтүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дос-Кредобанк эл аралык байланыштар тармагында жигердүү саясат жүргүзүп, алдыңкы банктар менен түз корреспонденттик мамилелерди түзүүгө умтулуп келет.
Банктын кеңири корреспонденттик тармагы кардарларга SWIFT төлөмдөрүн башка банк-корреспонденттер аркылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.