“Дос-Кредобанк” Ливияга акча которууда комиссия төлөмүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Ливиядагы болгон суу ташкынына байланыштуу.
“15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Western Union” аркылуу аталган өлкөгө каражат которууда кардардык төлөм алынбайт”, - деп айтылат маалыматта.