"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары, башкы дирекциясынын мүчөсү Алмасбек Жумакадыровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Тиешелүү чечимди 24-октябрда берилген арызга ылайык, мекеменин директорлор кеңеши кабыл алды.
Анын ордуна Асхат Бердиев башкы жетекчинин биринчи орун басары, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы дирекциясынын мүчөсү болуп шайланды.