Дүйнөлүк банк Тажикстанга ишкерликти колдоо үчүн 11 млн доллар бөлдү

15.06.2020, 16:20 Акчабар
Дүйнөлүк банк Тажикстанга ишкерликти колдоо үчүн 11 млн доллар бөлдү

Тажикстанда жаңы бизнес баштоону каалаган жарандар үчүн каржылай колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программа ишке кирди.

 

Программа бизнес-планы бар 30 жашка чейинки жаштарга, аялдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге багытталган. Чакан бизнес баштоону көздөгөн жарандар 20 миң долларга чейин акча ала алат. Бул каражаттын бир бөлүгү насыя, бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Негизги шарты – ишкер бизнес-долбоорунун 10% өзү каржылоосу керек.

Программаны Дүйнөлүк банк колдоп, 11 миллион доллар бөлгөн.

Тэги: Тажикстан каржылай колдоо программа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу