Кытайда Эмгек майрамын белгилөөгө байланыштуу 29-апрелден 1-майга чейин “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
Аталган чек ара өткөрүү пункттары 2-майда иштеп баштайт.
“Биз унаа ээлерин жана жүк ташуучуларды кыймылдын каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырабыз”, - деп билдирди Чек ара кызматы.