Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун эки орун басары ээлеген кызматынан кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Акчабарга" өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы дайындалган Дастан Жапаров менен Мелис Адиев ээлеген кызматтарын бошотот.
Эске салсак, ушул жылдын 26-январында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде директор алмашкан. Нуртазин Жетыбаевдин ордуна Мырзабаек Жыпаркулов дайындалды.