Дыйкан-фермерлерге берилүүчү насыя көзөмөлгө алынат

30.01.2022, 10:22 Акчабар
Дыйкан-фермерлерге берилүүчү насыя көзөмөлгө алынат

Жалал-Абад облусунун жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айыл-чарба каржылоосу 10 долбоору тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев бардык аймактарда айыл чарбасын колдоо максатында мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыялар тууралуу дыйкан-фермерлерге маалымат жайылтуу тапшырмасын берди. Ыйгарым укуктуу өкүл каражат дыйкандарга түз берилүүсүн көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, бул жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн 6 пайыздан жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлөр субъекттери үчүн насыялардын кайтаруу мөөнөтү 36 ай. Ал эми үрөөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык жана аарычылык багыттары үчүн насыялар 60 ай деп белгиленген.

Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет. Бул насыялар жакынкы күндөрү “Айыл Банк”, “РСК”, “Керемет” банктары аркылуу дыйкан-фермерлерге берилет.

Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелинет. Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарына республикалык бюджеттен 474 млн сом субсидиялык каражат бөлүнөт.

Берилүүчү насыялардын көлөмү:

  • Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300 миң сомдон 3 млн. сомго чейин. Тагыраак айтканда, 300 миң сомго чейин 18 айга күрөөсү жок каржыланат. Ал эми 300 миңден жогорку кредит алгандарга күрөөсү менен 36 айга берилет;
  •  Үрөөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, канаттуулар, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо субъекттери үчүн 10 млн. сомго чейин;
  • Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин каржыланат.

Айта кетсек, бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталган.

Мал чарбасынын субъектери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 50%дан ашпаган.

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъектери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25%дан ашпаган.

Тамак-аш, кайра иштетүү, өнөр жай ишканалары үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасы 25%дан кем болбогон көлөмдө аныкталган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу