Дыйкандарга 1,4 млрд сомго техникалар лизингге берилди

07.05.2024, 09:23 Акчабар
Дыйкандарга 1,4 млрд сомго техникалар лизингге берилди

2024-жылдын май айынын башына карата дыйкандарга 1,4 млрд сомго 429 техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Белгилеп кетсек, “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. 

2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 15,5 млрд сомго 6 миң 343 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. 

Тэги: дыйкандар айыл чарба техника лизинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу