«Жерүй» Кыргызстандын бюджетине биринчи миллиардды алып келди

18.11.2021, 15:03 Акчабар
«Жерүй» Кыргызстандын бюджетине биринчи миллиардды алып келди

Жерүй Кыргызстандын бюджетине биринчи миллиардды алып келди. Каражат ушул жылдын апрель-май айларындагы иштердин жыйынтыгы менен бюджетке которулган. Бул боюнча маалыматтар компаниянын акыркы отчетунда берилди.

Алсак, акыркы расмий маалыматка ылайык, 31-октябрга карата “Альянс Алтын” ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 3 миллиард 538 миллион сом салык төлөгөн, анын ичинен 1 миллиард 599 миллион сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан.

"Талас районунун жергиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана күтүүгө 169 млн сомдон ашык каражат которулган. Бул өндүрүш башталгандан жети эле ай өткөндөн кийин болду", - деп билдирди компания.

Компания жергиликтүү бюджеттерге чегерүү Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 31-октябрга карата Кыргызстандын Социалдык фондуна компаниянын кызматкерлеринин келечектеги пенсияларын түзүү үчүн 314 миллион сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрү которулган. Бюджетке киреше салыгы боюнча төлөмдөр болжол менен 99 миллион сомду түздү.

"Сыйлык жана роялти төлөө 386 миллион сомго жана 423 миллион сомго жетти. КНСти төлөө 875 миллион сомго, мүлк салыгы 1,3 миллион сомго, жер салыгын төлөө 10 миллион сомдон ашты”, - дейт “Альянс Алтындагылар”.

Тэги: Альянс Алтын Джеруй горнорудка добыча золота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу