«Жунда» 800 тоннага чейин мунай иштеткен, азыр иштебей турат — депутат

15.09.2022, 10:32 Акчабар
«Жунда» 800 тоннага чейин мунай иштеткен, азыр иштебей турат — депутат

Кара-Балта шаарында мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун иши токтотулду. Айына нефтини кайра иштетүү 800 тоннаны түздү. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, комбинат бюджеттин кандайдыр бир бөлүгүн толуктап, жумуш орундарын камсыздап, бирок белгисиз себептерден улам завод көптөн бери иштебей турат.

“Бизге жеткен маалыматтар боюнча соттук териштирүүлөр болуп жатат. Завод иштесе, бюджетибизге, элибизге пайдасы тиймек. Инвесторлорду чакырабыз, алар келип 300 миллионго завод ачып, биз аны жаап жатабыз”, - деди ал.

Эл өкүлү бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарды түштөн кийин угууну сунуштады.

Тэги: новости Кыргызстана Мейкинбек Абдалиев Джунда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу