ЕӨБ Кыргызстандагы кичи ГЭСтерге инвестиция салууга даяр

07.12.2021, 12:11 Акчабар
ЕӨБ Кыргызстандагы кичи ГЭСтерге инвестиция салууга даяр

Кыргызстандагы Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгү “РусГидро” менен чакан энергетика чөйрөсүндө келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды иштеп чыгууну талкуулашты.

Өткөн айдын аягында Бишкекте эки уюмдун өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар Кыргызстандын энергетика тармагын комплекстүү колдоо жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде электр энергиясын өндүрүүчү объектилерди долбоорлоо боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Кыргызстандагы ЕӨБ директору Нурлан Акматовдун айтымында, банк чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир нече перспективдүү долбоорлорду, анын ичинде Ысык-Көл облусунда пландаштырылган Ак-Кулен ГЭСин карап жатат.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагындагы долбоорлорду каржылоо программасы 2019-жылы ЕӨБ тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Анын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлордун портфелин көбөйтүү, жашыл энергетиканы өнүктүрүүдө катышуучу мамлекеттерге колдоо көрсөтүү, ал эми келечекте жашыл экономика тармагындагы экспертизаны кеңейтүү болуп саналат.

“Кыргызстан жашыл энергетиканы киргизүү жана ага өтүү ниетин ачык айтып жатат, бул үчүн чакан ГЭСти өнүктүрүү боюнча “Жашыл миллиард” программасы жарыяланган. “Гидропроект институту" программанын консультанты болуп саналат. Көп жылдык тажрыйбабызга таянып, биз кыргызстандык инвесторлор менен туруктуу кызматташууга багытталганбыз”, - деп белгиледи “РусГидронун” өндүрүштү башкаруу жана өнүктүрүү боюнча директору Тимофей Поздняков.

Тэги: РусГидро Кыргызстан ЕАБР гидроэнергетика инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу