ЕАӨБ Россияда турак жай курууга 2,5 млрд рубль инвестиция салган

27.12.2021, 09:24 Акчабар
ЕАӨБ Россияда турак жай курууга 2,5 млрд рубль инвестиция салган

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) биргелешип уюштуруучу катары жана “ДОМ РФ” АКсынын инфраструктуралык облигацияларынын эмиссиясына 2,5 млрд рублди инвестициялоо менен Россияда турак жай курууга жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандырууга колдоо көрсөткөн.

Каражат инженердик объектилерди, транспорттук жана социалдык инфраструктураны, инженердик жана телекоммуникациялык тармактарды, ошондой эле турак-жай курулуп жаткан жерлерде коомдук жайларды түзүүнү каржылоо үчүн куруучуларга багытталган жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык зайымдар түрүндө болот.

Баалуу кагаздардын эмитенти “ДОМ.РФ” туунду компаниясы - долбоордук каржылоо боюнча адистештирилген компания. “ДОМ.РФ” эмиссиянын жогорку кредиттик сапатын камсыз кылуу менен, облигациялар үчүн кепилдик катары иш алып барат. Курулуш компанияларына кредиттер долбоорго катышкан Россиянын субъекттеринин мамлекеттик кепилдиктеринин негизинде берилет.

Облигацияларды чыгаруу жоопкерчиликтүү инвестициянын негизги эл аралык стандарттарына – (International Capital Market Association, ICMA) тарабынан иштелип чыккан социалдык облигациялардын принциптерине ылайык келет. Бул принциптер коомдук байланыштарды баалоодо системалуу жана бирдиктүү мамиле түзүүгө көмөктөшөт. Инфраструктуралык байланыштар БУУнун 17 Туруктуу өнүгүү максаттарынын 9уна да жооп берет.

“ESG мыкты тажрыйбаларына жана принциптерине ылайык келген долбоорлорду колдоо ЕАӨБнын максаттарына жана стратегиялык милдеттерине толук жооп берет. Биз ага байланыштуу “ДОМ.РФ” инфраструктуралык облигацияларынын кезектеги чыгарылышын биргелешип уюштурууга катышууга кубанычта болдук, ошентип, Россияда турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөшүбүз менен ийгиликтүү кызматташуубузду улантуудабыз”, - деп белгиледи ЕАӨБ башкармасынын төрагасынын орун басары Амангелди Исенов.

Тэги: жилищное строительство РФ ЕАБР облигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу