ЕӨБ: Суунун аздыгы — Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүк үчүн коркунуч

20.09.2021, 15:30 Акчабар
ЕӨБ: Суунун аздыгы — Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүк үчүн коркунуч

Суунун төмөндүгү Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгүнө коркунуч жаратат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин банктын макроэкономикалык сереби боюнча корутундусунда айтылды.

Аналитиктердин айтымында, экономиканын калыбына келүү чокусу 2021-жылдын төртүнчү - 2022-жылдын биринчи чейрегинде күтүлүүдө. Инфляция жогору бойдон калууда. ЕӨБдин божомолу 2022-жылы сомдун курсунун туруктуулугунун жана убактылуу факторлордун алсырашынын шартында баалардын өсүшүнүн басаңдашын болжолдойт.

Жай айларында экономика турукташуу үчүн бир аз күчүн жоготту. Күтүлгөндөй эле, Кумтөрдө пландалган алтын өндүрүшүнүн төмөндөшү ИДПнын пандемияга чейинки көлөмгө кайтып келүүсүн чектеп койгон.

"Ушул жылдын жаңы фактору - суунун аздыгы кошумча терс таасирин тийгизди. Июль айында айыл чарба продукциясы 13,3%га төмөндөгөн. Энергетика сектору оң динамиканы сактап, июлда 7,8% ды кошту, бирок бул жерде өсүш темпинин басаңдоо тобокелчилиги жогорулады”, - деп айтылды ЕӨБдө.

Тэги: ЕАБР ВВП инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу