Евразия өнүктүрүү банкы “Навои тоо-металлургиялык комбинатынын” инвестициялык программасынкаржылоого ниеттенүүдө.Каржылоонун алдын ала индикативдик шарттарына4-ноябрда ӨзбекстандынIIЭкономикалык форумунун алкагында макулдашылды.
Аталган инвестициялык программа өндүрүштүк кубаттуулукту, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана келечектүү кендерди иштетүүгө багытталган. Артыкчылыктуу максаттардын бири экологиялык жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болуп саналат.
Навои тоо-металлургиялык комбинаты областтагы ири өнөр жай ишканаларынын бири. Негизги ишмердүүлүгү алтын казуу жана өндүрүү.
“Өзбекстан Эл аралык инвесторлор үчүн жагымдуу базар. Биздин стратегия ЕӨБга мүчө болбогон өлкөлөрдүн долбоорлоруна инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн болжолдойт. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү максаттарын эске алуу менен биз мындай долбоорлорду каржылоо боюнча чоң тажрыйба топтодук. Ошондуктан, биз бүгүн Навои тоо-металлургиялык комбинатын мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү ниетибизди билдирүүгө кубанычтабыз”, - деп белгиледи Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Даленов.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане