ЕӨБ Өзбекстан менен кызматташууга ниеттенүүдө

22.11.2021, 10:10 Акчабар
ЕӨБ Өзбекстан менен кызматташууга ниеттенүүдө

Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен жолугушту. Бул тууралуу ЕӨБ сайтында маалымдалды.

Жолугушууда тараптар Өзбекстандын ЕӨБга мүчө статусун алуусу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы кызматташуунун жүрүшү жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

"Учурда базалык инфраструктураны модернизациялоо, суу ресурстарын жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлордун портфели түзүлдү. Бул долбоорлорду илгерилетүү жана аларды ишке ашыруу үчүн ЕӨБдан каражат тартуу боюнча кийинки кадамдар каралды. Ошондой эле алар чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылоо үчүн банктан Өзбекстандын коммерциялык банктарына кредиттик линияларды берүү мүмкүнчүлүгүн карашты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар иштелип жаткан долбоорлорду олуттуу талкуулоо, конкреттүү макулдашууларга жетишүү, ошондой эле агенттик менен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу үчүн банктын эксперттик тобун Өзбекстанга жөнөтүүнү макулдашышты.

Тэги: ЕАБР Узбекистан вопросы сотрудничества

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу