Евразия өнүктүрүү банкы Кант цемент заводуна кредиттик линия ачты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Бүтүмдүн көлөмү Кант цемент заводунун аны түзүү учурундагы активдеринин 10%ын түзөт. Келишим 30-августта расмий түрдө бекитилген.
Эске салсак, буга чейин аталган завод Евразия өнүктүрүү банкынан насыя алуу үчүн бардык мүлкүн күрөөгө коюуну чечкен. Мындай чечимди ишкананын акционерлери 8-августтагы кезексиз жыйынында кабыл алышты.