ЕӨБ быйыл Кыргызстандын экономикасы 4,2% өсөт деп күтүүдө

01.06.2023, 14:38 Акчабар
ЕӨБ быйыл Кыргызстандын экономикасы 4,2% өсөт деп күтүүдө

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 6 мүчө мамлекет үчүн макроэкономикалык болжолун жарыялады. Банктын аналитиктери дүйнөлүк экономикадагы үч негизги тенденциянын өнүгүү келечеги жана алардын Евразия чөлкөмүнө тийгизген таасири тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Биринчиси, инфляциянын басаңдашы, аны акыркы 10 жылдыкка салыштырмалуу жогорку деңгээлде кармап туруу. Экинчиси, өнүккөн өлкөлөрдө акча-кредит саясатын катаалдаштыруу циклдарынын аякташы. Үчүнчү – дүйнөлүк экономиканын өсүү темптеринин алсырашы.

"Аймактын өлкөлөрүнүн экономикасынын өзгөргөн шарттарга ийгиликтүү адаптацияланышы алардын ушул жылы өсүшүн камсыздайт. Күчтүү ички суроо-талап жана өз ара сооданын көбөйүшү 2023-жылы өсүштүн жогорку темптерин камсыз кылат", - деп белгиледи ЕӨБ.

Маалыматка ылайык, региондун бардык өлкөлөрүндө позитивдүү өсүш темптери болжолдонууда:

  • Тажикстан — 7,9%,
  • Армения — 7,5 пайызга
  • Казакстан — 4,3 процент,
  • Кыргызстан — 4,2%,
  • Белоруссия — 2,2 пайызга,
  • Россия - 1% га.

Тэги: новости Кыргызстана ЕАБР Рост экономики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу