ЕӨБ жылдын экинчи жарымында ИДПнын өсүшүнүн басаңдашын болжолдоодо

19.08.2022, 11:44 Акчабар
ЕӨБ жылдын экинчи жарымында ИДПнын өсүшүнүн басаңдашын болжолдоодо

Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 2022-жылдын январь-май айларындагы 5,7%данушул жылдын биринчи жарымында былтыркыга салыштырмалуу 6,3%га чейин өстү. Бул тууралуу ЕӨБнын август айындагы макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Экономиканы алтын казып алуу сектору колдоону уланткан, анда өндүрүштүн көлөмү 35,1%га өскөн.

“ИДП динамикасынын тездешине айыл чарба, курулуш, ресторан жана мейманкана бизнесиндеги жигердүүлүктүн жанданышы да түрткү болду, мында өндүрүштүн төмөндөшү бир жыл мурда катталган”, - деп белгилейт ЕӨБ.

Бирок инвестициялык активдүүлүк токтоп калган. Ошондой эле, алтындын чет өлкөлөргө жеткирилиши азайгандыктан, экспорт дагы калыбына келе элек.

“Экинчи жарым жылдыкта Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи өткөн жылдагы төмөнкү базаны эсептөөдөн чыгуу жана дүйнөлүк экономикалык өсүштүн басаңдашы менен төмөндөйт”, - деп болжолдошууда банктын аналитиктери.

Тэги: ВВП Кыргызстан экономика ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу