Евразия өнүктүрүү банкы Казакстандын эл аралык биржа аянтында - Астана Эл аралык биржасында (AIX) жылдык 1,5% купондук чен менен 100 миллион доллар көлөмүндөгү ноталардын эки жылдык эмиссиясын ийгиликтүү жайгаштырды.
Доллардын эмиссиясы банктын ушул жылдын башынан бери евродогу жазгы жайгаштыруудан жана теңгеде еврооблигациялардын жайкы эмиссиясынан кийин эл аралык капитал рынокторуна үчүнчү жолу чыгышын билдирет.
"Доллар эмиссиясы банктын каржылоо булактарынын прогрессивдүү диверсификациясын көрсөтүп, эл аралык рынокторго туруктуу чыгууну айгинелейт", - деп белгилешти банктагылар.
Чогулган каражаттар ЕӨБнын Казакстанда ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлорун каржылоого жумшалаары айтылды. АКШ доллары менен каржылоо долбоорлорду казак теңгеси менен каржылоодо инфляциялык басымды азайтат.