ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөгө болгон экспорту 2020-жылы 326.8 млрд долларды түзгөн. 2019-жылга салыштырмалуу көлөм 21.9% кыскарган. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Комиссиянын маалыматына ылайык, Россиянын экспорту 272 млрд $, Казакстандыкы - 38.4 млрд $, Белорусияныкы - 13.5 млрд $, Арменияныкы - 1.6 млрд $, Кыргызстандыкы - 1.3 млрд $ түзгөн.
ЕАЭБде импорттун көлөмү 231.5 млрд $ түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу импорт 7.1% төмөндөгөн.