ЕАЭБ интернет-соода тармагына бир катар эрежелерди киргизет

13.04.2020, 15:15 Акчабар
ЕАЭБ интернет-соода тармагына бир катар эрежелерди киргизет

10-апрелде Эл аралык укук кеңеши Евразия экономикалык комиссияга ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте, ЕАЭБдин эл аралык электрондук соода актысына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, чет элдик интернет айдыңындагы жеке жана юридикалык жактарга импорттолуучу товарларды өзүнчө категорияга киргизип, бир катар жөнгө салуу эрежелерин ишке ашыруу пландалууда. Андан сырткары, бирликке электрондук соода оператор институтун ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Институтту ишке ашыруунун башкы максаттарынын бири - бажы админстрациясын жөнөкөйлөштүрүү жана ыңгайлаштыруу болуп эсептелинет.  Бажы органдары «бирдиктүү терезе» режими аркылуу, көптөгөн жеке жактар менен эмес, декларация тапшырган, бажы төлөмдөрүн жана салыкты товар алуучулардын атынан ишке ашырган, бир же бир нече ыйгарым укуктуу жактар менен гана иш алып барат.

Белгиленгендей, электрондук соода тармагындагы суроолорду жогорку деңгээлде чече турган жумушчу топту ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев жетектейт.

Тэги: ЕЭК ЕАЭБ Электрондук соода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу