2021-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБнын баардык мүчө мамлекеттеринде керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
ЕЭАБнын мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли
| Декабрь | Декабрь | Январь-декабрдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү) | |||
2020 | 2021 | 2020 | 2021 | 2020 | 2021 | |
Армения | 3,4 | 1,6 | 3,7 | 7,7 | 0,3 | 0,6 |
Беларусь | 1,2 | 0,9 | 7,4 | 10,0 | 0,6 | 0,8 |
Казакстан | 0,9 | 0,6 | 7,5 | 8,4 | 0,6 | 0,7 |
Кыргызстан | 2,3 | 1,3 | 9,7 | 11,2 | 0,8 | 0,9 |
Россия | 0,8 | 0,8 | 4,9 | 8,4 | 0,4 | 0,7 |
2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Кыргызстанда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11,2 пайыз) белгиленди, мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (13,3 пайызга) азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) өстү. Муну менен бирге, Беларусияда азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын - 9,9 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө - 7,6 пайызга максималдуу өсүүсү катталды.