ЕАЭБ менен соода жүргүзүүдө товарларды эсепке алуучу документтер жактырылды

28.04.2022, 15:00 Акчабар
ЕАЭБ менен соода жүргүзүүдө товарларды эсепке алуучу документтер жактырылды

Кыргызстанга импорттоодо Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылууга багытталган документтер жактырылды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.  

Аталган чечим соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатууну, өлкөгө ташып киргизүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында кабыл алынган.  

Мындан улам жана Салык кодексинин 51, 261-беренелерине ылайык, Министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды: 

  • Ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби; 
  •  ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу (мындан ары – товарларды эсепке алуу пункттары) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз –СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер. 

Мамлекеттик чек арадан кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик контролду (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу орган болуп Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталды. 

Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдарга товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган кызмат адамдарынын күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылуусу тапшырылды.

Тэги: ЕАЭБ минкаб документ кыргыз-казак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу