ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тоо-кен тармагынын өндүрүшү 2020-жылы 228.7 млрд $ түздү. 2019-жылга салышытрмалуу өндүрүш 6.5% кыскарды. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өндүрүш тармагы жогорулап, 706 млрд $ түздү. 2020-жылдын декабрь айында, 2019-жылдын ушул эле меззгилине салыштырмалуу көлөм 4.2% өстү.
ЕЭКтен билдиришкендей, ЕАЭБде көмүр казуу 7.7% кыскарды. Россияда – 514 млн тонна, Казакстанда – 398.3 млн тонна, Кыргызстанда 2.5 млн тонна көмүр казылган.
Кыргызстанда мунай жана газ конденсаты 1.4% жогорулаган — отчеттук мезгил убагында 240 мин тонна казылган. Мунайдын басымдуу бөлүгү Россияда (512 млн тонна) жана Казакстанда (85.6 млн тонна) казылган. 2019-жылга салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча жалпы мунай өндүрүү 8.2% кыскарган.