ЕАЭБде малдын эмбриондоруна жаңы талаптар бекитилди

18.01.2023, 15:10 Акчабар
ЕАЭБде малдын эмбриондоруна жаңы талаптар бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бирдиктүү ветеринардык талаптардын жаңы бөлүмдөрүн, тагыраагы бодо жана майда мүйүздүү малдын “in vitro” эмбриондору үчүн ветеринардык сертификаттардын формаларын бекитти. Бул тууралуу ЕАЭБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Тийиштүү документтер Евразия экономикалык биримдигине аталган товарды киргизүүнү каалаган чарба жүргүзүүчү субьектилердин суроо-талабынын негизинде даярдалды. 

“Буга чейин ири жана майда бодо малдын “In vitro” эмбриондоруна карата талаптар мүчө мамлекеттердин улуттук деңгээлинде жана Комиссиянын деңгээлинде да аныкталган эмес. Бул ЕАЭБ аймагына аталган эмбриондорду алып келүү жана аны эркин жүгүртүүнү кыйындаткан”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясы Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, бир нече Бирдиктүү ветеринардык талаптарды жана сертификаттарды жаңылады. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу