Кыргызстандан башка ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө июль айында айыл чарба өнүмдөрүнүн баасы төмөндөдү. Бул тууралуу аталган биримдиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинде жыл башынан бери айыл чарба продукциясынын өндүрүүчү баасы 3,4%га төмөндөдү.
“Евразия экономикалык биримдигинде 2023-жылдын июль айында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу айыл чарба өнүмдөрүнө болгон баа 3,4%га, өсүмдүктөр 7,2%га, мал чарба өнүмдөрү 1%га төмөндөдү”, - деп айтылат маалыматта.