«Компаньон Банкы» экологиялык көйгөйлөр үчүн 5 млн $ насыя алат

18.05.2023, 09:15 Акчабар
«Компаньон Банкы» экологиялык көйгөйлөр үчүн 5 млн $ насыя алат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы чакан бизнеске өндүрүштү модернизациялоого, эффективдүүлүктү жогорулатууга жана суунун тартыштыгы, эрозия жана кыртыштын бузулушу сыяктуу курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн "Компаньон Банкы" ЖАКка 5 миллион доллар насыя берет.

2007-жылдан бери ЕРӨБ кардары болгон "Компаньон Банк" ЖАК жашыл жана туруктуу насыялоону өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган ЕРӨБ жакында жактырылган Жашыл Экономика Фонду III (KyrSEFF III) программасына кошулган биринчи ата мекендик каржы институту болду.

"ЕРӨБ насыясы, өзгөчө айыл чарба, турак жай-коммуналдык чарба жана микро, чакан жана орто ишкердик (МЧБ) секторунда энергияны жана сууну үнөмдөө долбоорлорун каржылоого жардам берет. Валюталык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн субкредиттер кыргыз сому менен берилет", - деп билдирди эл аралык каржы уюму.

Потенциалдуу карыз алуучулар KyrSEFF III сайтындагы онлайн технология селектору аркылуу жеткиликтүү энергияны үнөмдөөчү технологияларга мүмкүнчүлүк алышат. Селектор ошондой эле жергиликтүү ишканаларга тиешелүү материалдар менен жабдуулардын бекитилген өндүрүүчүлөрүн жана жеткирүүчүлөрүн табууга жардам берет.

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ Кыргыз Республикасында 221 долбоорго 879 миллион евро инвестициялады. Ошол эле учурда банктын каражатынын басымдуу бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталган.

Тэги: новости Кыргызстана Банк Компаньон ЕБРР малый бизнес зеленые кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу