ЕРӨБ чакан бизнести каржылоо үчүн «Компаньон Банкына» насыя берди

20.12.2021, 14:07 Акчабар
ЕРӨБ чакан бизнести каржылоо үчүн «Компаньон Банкына» насыя берди

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы чакан бизнести каржылоону стимулдаштыруу үчүн "Компаньон Банкына" 5 миллион доллар насыя берди. Бул тууралуу эл аралык каржы уюму билдирди.

ЕРӨБ Кыргызстандагы чакан жана орто ишканалардын туруктуулугуна өз салымын кошуп, ата мекендик чакан жана орто бизнести насыялоо үчүн "Компаньон Банкына" 5 миллион долларга чейин каражат бөлөт.

Белгиленгендей, "Компаньон Банкы", Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнеске эң ири кредитор жана 2007-жылдан бери ЕРӨБ кардары, түшкөн каражатты өлкө боюнча бизнести колдоого жумшайт. Узак мөөнөттүү насыялар ата мекендик бизнеске Covid-19 пандемиясынан келип чыккан терс таасирин жеңүүгө жардам берет.

"Жергиликтүү чакан жана орто бизнес сектору өлкө үчүн абдан маанилүү, анткени анда он миңдеген адамдар, анын ичинде алыскы тоолуу аймактарда жашагандар иштейт жана ИДПнын дээрлик 40% түзөт", - деп түшүндүрдү эл аралык каржы уюму.

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ Кыргыз Республикасындагы 202 долбоорго 800 миллион еврого жакын инвестиция салды, инвестициянын көбү жеке ишкерликти колдоого жумшалды.

Тэги: ЕБРР Банк Компаньон малый бизнес финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу